Э.Байсалов: "Чийки мыйзамдар - Атамбаевтин бийлигинин кесепети"

09.01.2019
Э.Байсалов: "Эбегейсиз штрафтарды киргизген жаңы кодекстер 2017-жылы жазында Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Ал кезде ал кутурткан балдар-кыздар аппаратта сол буту менен мыйзам жазып калышкан. Бир окуу менен эле талкуулабай эле килейген мыйзамдар бекитилип калган. Эмнегедир эч негизи жок эле укуктук системабыз Россия менен Казакстандан алыстатылып, Украина жана Грузияны туурайбыз деп, бирок окшошпой калган. 1997-жылы мурунку Кылмыш жаза кодекстери кабыл алынганда, айлап талкуулашып, коом катышып, ар бир статьясы добушка салынган. Учурда бул сапатсыз мыйзамдарга саясий жактан азыркы өкмөт эмес, Жогорку Кеңештин курамы жооп бериши керек эле"

Похожие видео