КЫРГЫЗСТАН VS РЕАЛ МАДРИД ФУТБОЛ HD

11.11.2020
Салам достор! Бул каналда Кыргызстан курама командасы дүйнөлүк оюндарды чыгаруучу конами компаниясынын PES оюнунда чыгат. Кыргызстан дүйнө чемпионатына катыша алат. Бул каналда Кыргызстан - Казахстан, Кыргызстан - Бразилия, Кыргызстан - Аргентина, Кыргызстан - Германия, Кыргызстан - Өзбекстан, Кыргызстан - Тажикстан, Кыргызстан - Реал Мадрид, Кыргызстан - Ювентус оюндарын көрө аласыздар. Ошондой эле жакында боло турган Азия оюндарын жана 2022 жылы боло турган дүйнө чемпионатына катыша алат. Өзгөчө контент болот деп ойлоймун. Өнүккөн өлкөлөрдө PES оюнун жөн эле ойнобостон аны видеого тартышып ютубка жүктөшөт, ал видеолорду көптөгөн адамдар көрүшөт жана ар ким өзүнүн өлкөсүнө күйөрмандык кылышат. Бул канал аркылуу дагы Кыргызстан курама командабызды дүйнөлүк аренага чыгарабыз деп ишенемин. Кыргыздар дүйнөнүн бардык бурчунан өзүбүздүн курама командабызды pes оюнунан көрө алышат. Андыктан биз менен болунуздар. Контент өзгөчө кызыктуу болот деп айта аламын. Анткени контентке көрк кошкон таланттуу коментатор кыргыз жигит бар Сыймык Жумабаев. Дүйнөлүк PES ойунуна биз Кыргызстанды кошуп чыгарып жатканыбызга сыймыктанабыз. КЫРГЫЗСТАН АЛГА ! АЛГА АКШУМКАРЛАР !

Похожие видео

Показать еще