Без названия

07.01.2019
Азаматтар, сонун ишти баштапсынар! Видеону коруп жатып Талдык айылы жонундо томонку нерселерди эстеп кеттим. 1995 жыл, I-чакырылыштагы кош палаталуу Жогорку Кенешке шайлоо журуп жатат. Шайлоо округда Кара-Суу шаарында, Кара-Суу жана Озгон районунун 12 айыл окмотторундо 70 минге жакын шайлоочулар бар. Анын бири Катта-Талдык айыл окмоту. Эн алыскысы Кара-Согот айылы. Трассанын боюндагы Баш-Булак, Садырабай, Сасык-Ункур жана Талдык айылдарынан башкасы ичкерираак жайгашкан. Шайлоонун биринчи турунда округду бир эле машина менен айланып, коп жерге жетише албай калып, бул айыл окмотко келе албай добушту азыраак алып калдым эле. Экинчи турду ушул айыл окмотунон баштадым.1995 жыл, кыш, суук. Талдык (51 км) айылына келип иним экообуз Ош-Гулчо трассанын жанында, талдын астында узун олтургучта (скамейкада) олтурган элдин жанына барып саламдаштык. Эн аксакалы «Кана, Эргешев Бакирдин Турсунбай уулу, сенин программанды угалы!» деп баштады. Суукта бир сааттай программамды айтып, суроолорго жооп бердим. Анан жанагы эле аксакал: «Аа, рахмат, программан жакшы экен, суроолорубузга да так жооп бердин. Эми жолдун ары бетине отуп озундун шайлочуларына жолук» десе болобу! Мен тушунбой: «Кечирип койгула, а силер менин шайлоочуларым эмессинерби?!» деп тан калып сурадым. Алар болсо: «Жоок, жолдун берки бети Нариман айыл окмотуно карайт, биз башка шайлоо округбуз» деп жооп беришти. Мен кайра эле тан калып: «А эмнеге башынан айткан жоксунар?» десем, аксакалдар - «Сени уккубуз келди да!» деп кулуп жиберишти. Айласыз иним экообуз да кулуп жиберип жолдун ары бетине оттук.Айылдын башында он чакты аксакал олтурган экен. Алар менен учурашып, программам менен тааныштырып, анан суроо-жоопторго оттук. Аксакалдардан бири дароо эле суроо берди: «Ээ, балам. Жанараакта эле бир журналист аял келип ыйлап сени шайлабагыла деп кетти, сенин беш аялын бар деп айтты». Мен дагы дароо жооп бердим: «Урматтуу аксакалдар, биринчиден ошол келинге «ыйлабай эле айтпайсынбы?» деп сооротуп койбопсунар. Ал мумкун мага жете албаган аялдардын бирисидир... Экинчиден болсо, аксакалдар, силер мени Жогорку Кенешке шайлап жатасынарбы же беш аялымды?!». Ушул создорумдон кийин аксакалдар каткырып жиберишип «Болду, болду, балам, барабер, сени шайлайбыз!» деп батасын берип узатып коюшту...Шайлоо ийгиликтуу бутуп Жогорку Кенеште ишти баштадым. Ар 2-3 айда бир шайлоочуларга барып отчёт берип журдум («Жогорку Кенештин депутатынын статусу жонундо» мыйзамды озум ушинтип жазган болчумун). Талдык мектебинин мыкты сегиз окуучусуна озумдун атымдан стипендия берип журдум. Мыйзам чыгаруу жыйынында «Бийик тоолуу жана алыс жайгашкан айылдар жонундо» мыйзамдын долбоору каралып калды. Ал тизмеге Нарын облусунун, Ысык-Кол облусунун, Алай, Кара-Кулжа жана болок тоолуу райондордун айылдарын депутаттар киргизип жатышат. Анан Кара-Суу районун айылдарын кошоюн десем эле баары кулуп жиберишти. Жаным чыгып, борбордук трибунага чыгып: «Силер Кара-Суу районунда жер теп-тегиз, пахта, тамеки, коон, дарбыз осот деп эле ойлойсунарбы?! Кара-С

Похожие видео

Показать еще