Н.Никитенко: "Текебаевдин абакта жатканы бийликке абийир алып келбейт"" HD

16.07.2019
Жогорку сотто "Ата Мекен" фракциясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши каралбай калды. Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, судья жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн. Бүгүнкүгө белгиленген соттук териштирүүгө партиянын айрым мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, аталган партиянын айрым мүчөлөрү, айыпталуучулардын жакындары гана киргизилип, журналисттер менен айрым тарапкерлер сыртта турду. Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырылган. Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан. Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!

Похожие видео