12 сентября 2017
Кыргыз жаш акыны АЗИМ САТЫМКУЛОВ! Пир тутушуп эр Сыпатай баатырды Көк пар дешип дүйнө жүзүн чакырды Казак тууган конок тосуп жерине Айлуу түндө уйкузуз таң атырды Казак эли араң эле жатканбы Дүйнө эли бизде дешип мактанды А биз жактан көк бөрүго кыргыздын Анык көк жал жигиттери аттанды Ар бир тарап өз өзүнчө жар салат Өз абийирин намыс менен калкалап Казагым да кыргызым да жемиштүү Келе жатты эки жакты талкалап Финал болду казак кыргыз беттеши Эмне себеп кыргыздарды кектеши Казактарым аброюн түшүрүп Керек эле ушунчага кетпеши Кетти аттин көздөн жашым тамчылап Ичим күйүп эт жүрөгүм жанчылат Утуларын анык сезди казагым Кирди анан кыргыздарды камчылап Ачык эле тартып турду калысы Алдына ала сатылган го анысы Жер жайнаган казактардын биринде Калбаптыр го Абылайдын намысы Ооба анан биринчини алышты Эптеп септеп төрт муляжды салышты Эске албай акыйкатсыз өздөрүн Жердеги жок баатыр сезип калышты Берди кыргыз бул оюнда кезекти Терди элең го "КОЧМОНДОРДО" тезекти Же баурум унуттунбу андагы Он беш үчкө теңеп койгон эсепти? Бизге жетет Эр Манастын батасы Чечип койду калыссыздын катасы Биз эле эмес бүткүл дүйнө айтууда Кыргыздар деп көк бөрүнүн атасы
Похожие видео
Показать еще