Без названия

30.08.2020
Калптын казаны кайнабайт!«Бутун Кыргызстандын» экинчи жетекчиси болуп жургон Динимухаммед Ыбрайымовдун видео-интервьюсун кордунорбу?! Ошону уккандан коргондон кийин жагынар басылып калаттыр?! Корбогон болсонор - коруп алгыла! Ал менин создорумду тастыктап берди. Он жылдан бери «Бутун Кыргызстандын» аппарат жетекчиси болуп журуп Адахан Мадумаров тизмеге ыплас адамдарды кошкону учун, фальсификация кылгандыгы учун чыгып кетиптир. Эми эмне дейсинер, куйдургулор?!Видеону азыр жуктоймун. Мына ошол видеону коштогон текст: «“Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлердин документин фальсификациялоо жолу менен тапшырган (ВИДЕО) Парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы айрым талапкерлердин документтерин фальсификациалоо жолу менен тапшырган. Бул тууралуу партиянын республикалык штабынын жетекчиси А.Мадумаровдун эӊ жакын адамы Динимухаммед Ыбрайымов маек берип жатып билдирди.Ал, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын катарынан 23-августа чыгып кеткен. Буга чейин, 10 жыл аралыгында партиянын активдүү мүчөсү, кийин республикалык штабдын жетекчиси катары иштеп келген. Кетүү себептери, акыркы убакта Мадумаровдун өзгөрүп кеткени, мурдагы партиялаштарын унутуп, акчалуу адамдарды тизмеге киргизип алганы, мындан тышкары талапкерлердин тизмесинин документтерин фальсификациялоо жолу менен БШКга тапшырганы, Ыбрайымовдун партиядан чыгып кетишине себеп болгон. Ал, партиядагы таасирдүү адамдардын бири эле эмес, Адахан Мадумаровдун уулунун өкүл атасы болуп, үй-бүлөлүк дагы катнашта болушкан».

Похожие видео

Показать еще