Садыр Жапаров менен Рахмон учурашкан жок HD
Жолугушууга Тажикстандын президенти бир нече саамга кечигип келгенин жана Садыр Жапаров менен учурашпаганын көрүүгө болот. Жыйынды Россиянын президенти Владимир Путин ачып сөз сүйлөгөндөн кийин жабык форматка өтүштү. Маалыматка караганда, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган. Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу. 12-14-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Казакстанга барды.
Похожие видео
Показать еще