Без названия

24.11.2019
5-ноябрь. Бактыбек иниме терен ыраазычылыгымы билдиремин: кыш келгенче Ошко алып барып келди. 2007 жылы журогуно операция болгондон бери иниме дайыма дуа кыламын. Акаев режимине ЭрК партиясы катуу оппозицияга чыкканыбызда 1996 жылы подстава кылып ушул инимди жана 15 жаштагы улуу уулумду камап коюшкан болчу. Турмодо журогу оорукчан болуп, туберкулёз жуккандан кийин «баарыбир адам болбойт деп чыгарышканда коп жыл туберкулёздон дарыланды, а эки жолу клиникалык олумго кагылгандан кийин 2007 жылы Астанада журогуно 4 шунтирование жасашты. Аллахым биздин дарыгерлерден ыраазы болсун, анткени Кыргызстандан Казакстанга кочуп барган кардиолог Пя операция жасады. Ал жактан операциянын баасын арзандатып берген ырааматылык биздин мыкты дарыгер-инсан Мирсадык Миррахимовго да ушул кунго чейин ыраазыбыз!Эмне учун Астана? 1-ТИЗО до камерада бир жылдан ашык жатып клаустрофобия ооруга туш келип, жабык пространстводон коркуп калган. Анкара же Москвага алып барайын десем «эгер самолёт менен алып барамын десен - анда самолеттон озумду таштап жиберемин! Машина же поезд бара турган жерге алып бар» дегенде Астананы тандаган элек...

Похожие видео