"Чоң-Алай жаштар демилгеси" Чоң-Алай эли менен жолукту.
"Чон-Алай жаштар демилгеси" 2015-2016-окуу жылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Чон-Алай районунда "Кесипти туура тандайбыз!" аттуу долбоору менен төмөндөгү бөлүмдөр боюнча иш алып барышты. 1.Билимдин маанилүүлүгү жана кесипти туура тандоо; 2.ЖОЖдогу жана орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги заманбап адистиктер; 3.Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу ыкмалары; 4.Жаштарды адеп-аклактуулука ундөө; Долбоордун артыкчылыгы өтүлгөн тренингдер бир гана бүтүрүүчүлөр үчүн эмес, алардын ата-энелерине дагы арналды. Район боюнча үч айыл өкмөткө караштуу 17 орто мектепке пландалган программа толугу менен ишке ашты. Жыйынтыгында долбоорду иштеп көтөрүп чыккан жаштарга жалпы Чоң-Алай эли алкыш айтып ыраазычыылыгын билдиришти.