Адахан Мадумаров: "Түркияда жарандарын улутуна карабай баарын түрк деп жазышат, биздечи...?

17.06.2019
Бүгүн, 17-июнда Бишкекте "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров партиянын жана "Мен макул эмесмин" кыймылынын активисттери менин жолугушуп, партия менен кыймылды бириктирүү демилгелери сунушталып жатканын, аны өзү да колдоону чечкенин билдирди. "2017-жылы түзүлгөн "Мен макул эмесмин" кыймылы 7 талап менен чыккан, ал талаптардын баары бүгүн да актуалдуу бойдон калууда. Бирок биз 300 миң кол топтой алган жокпуз. Эгер биз 300 миң кол топтосок анда талаптарыбызды расмий түрдө сунуштамакпыз. Ошондуктан бүгүн "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы менен "Мен макул эмесмин" кыймылын бириктирүү тууралу түшүп жаткан сунуштарды колдоону чечтик", - деди Адахан Мадумаров. "Түркия мамлекети сенин улутуң ким экенине карабай түрк жарандарын паспортуна түрк деп жазат. Бизде болсо мамлекетти түзүүчү титулдук улутту да паспортуна өз улутун жазуу укугунан ажыратышты", - деп жооп берди Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Булак: KyrgyzToday.kg

Похожие видео