Жанар Акаев: Кошамат кылгыңар келсе? Абылгазиевдин үйүнө барып кошамат кылгыла!" HD

31.05.2019
Депутаттык комиссиянын алдында негизинен эки милдет турат: буга чейин таптакыр иштебеген «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин эмгек акы алышынын негиздүүлүгүн жана андагы тууганчылык мамилелердин орун алган фактыларын иликтөө. Андан башка анчалык деле мамлекеттик жашыруун деле сыр жок. Ошондуктан, жыйынды ачык эле өткөрө беришибиз керек. Бул тууралуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы Курманкул Зулушев депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2002-жылдын декабрь айында мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясынын алдында «КТ Мобайл» компаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ага 27 МГц көлөмүндө жыштык берилгенин белгиледи. «Менимче, компаниянын түзүлүшү менен жыштыктын берилиши абдан туура кадам болгон. «КТ Мобайл» банкрот абалында турган «Кыргызтелекомго» чоӊ таяныч болмок, анан наркы 2 млрд сом өтө баалуу жыштык мамлекеттин өзүндө калып отурат. Аны кийин кимдер кандай иштетти – ал башка маселе», - деди ал. Ошондой эле, премьер-министр мамлекеттик «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компанияларынын биргелешип иш алпаруу аракети стратегиялык жактан да, коммерциялык жактан да туура болгонун айтты. «Мегаком» компаниясынын 70 МГц жыштыгы, «КТ Мобайл» компаниясынын 27 МГц жыштыгы бар, экөө бириккенде – 97 радиожыштык болот. Алар өлкөнү санариптештирүү демилгесинин башында туруп, мамлекетке көп пай да алып келмек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. «Мегаком» компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангуловдын айтымында, эки компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, «КТ Мобайл» компаниясы виртуалдуу оператор катары «Мегаком» аркылуу иш жүргүзмөк. «Бирок, 345 млн сом бергенибизден кийин эле, анын жетекчилери бизге келишимде жок талаптарды коюп, өз алдынча уюлдук компания болууну көздөп калышты. Ошондон улам, биз ага каршы болуп, алардын мыйзамсыз талаптарын аткаруудан баштарттык. Азыр «КТ Мобайл» компаниясына жаӊы жетекчилик келип, бизге берилген 27 27 МГц жыштыкты чогуу пайдаланууну чечтик. Буюрса, жаӊы долбоор эки ай аралыгында ишке киришет», - деди ал. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Жеенчороев «Мегаком» компаниясы тарабынан «КТ Мобайл» компаниясынын карыздарын төлөө үчүн жыл башында эле которулган 345 млн сом эмнегедир коммерциялык банктарга жайгаштырылган. «КТ Мобайл» компаниясы боюнча эсеп-кысаптардын баары колумда турат, анын жетекчилери каражатты карыздарын жабууга жумшабай эле, өздөрүнүн олчойгон маяналарына жумшаган. Өткөндө компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев 157 миӊ маяна алам, айрымдары маяна албайт деди эле, анысы калп болуп чыкты, ал 194 миӊ сом алат, калгандары деле ошондой чоӊ өлчөмдө акча алышат экен. Мисалы, бир кызматкери 3 жумушчу күн үчүн 109 миӊ сом, дагы бири 70 миӊ сом алган. Суроо туулат: буга чейин эзели иштебеген компаниянын кызматчылары кайсы эмгеги үчүн мынчалык эмгек акы алып келишкен?», - деген собол салды депутат. Депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берген Башкы прокуратуранын өкүлү б

Похожие видео