15 унаа утуп 70 000$ бааланган Ат | Саяпкер жигит | Kyrgyz World News

12.01.2019
Булак: chyndyk_kg Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жал айылынын 28 жаштагы тургуну Дүрбөлөӊ уулу Эдил 10 жылдан бери саяпкерлик өнөр менен алектенип келет. Ал муну кадимкидей жумуш катары кабыл алып, ат таптоону мыкты өздөштүргөн. Ал ушул он жыл аралыгында жалпы 21 автоунаа утту. Аны менен аймактык кабарчы таанышты. 7 автоунаа уткан Актилек 70 миӊ долларга, 8 автоунаа уткан Карат 50 миӊ долларга бааланган. - Эӊ алгачкы таптаган атым Фиандаус деген күлүк болчу. Анда менде тажрыйба жок болгондуктан көп катачылыктарды кетиргем. Тажрыйба топтоп, көптөгөн аттарды таптадым. Алар — Аравия, Актилек, Ибарат, Шумкар, Карат, Айданек, Покер, Нурпери, Байдарка жана башкалар. Айта берсем көп эле болду. Ушулардын арасынан өзгөчө ылдамдыгы, акылдуулугу, адамга жакындуулугу менен Карат өзгөчөлөндү. Мен таптаган тулпарлардын арасынан Актилек деген күлүк 70 миӊ долларга чейин бааланган. Бирок, Актилек биз үчүн бул акчадан дагы кымбат болчу. Мындан улам 70 миӊ долларга сурап келгендерге саткан эмеспиз. Анын атасы Доран, энеси Бегимай деген бээ болгон. Кийин айгырлыкка калып, анын балдары өзүндөй болуп чуркап жатышат. Ошондой эле жогоруда сөз кылган Карат аттуу күлүктү Казакстандын чоӊ мелдешинде 50 миӊ долларга казак туугандар сураган. Көптөгөн чабыштарда байгеге илинген Актилек жана Карат болгон. Актилек 7 автоунаа уткан болсо, Карат 8 автоунаа жана 20 миӊ доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон. Айрымдар тулпарларыӊдын аттары өзгөчө экен деп калышат. Ат коюу негизинен чоӊ мааниге ээ. Мүнөзүнө, сын-сыпатына жараша коюлат. Негизи энесинин, атасынын аттарынан аралыштырып койсо деле болот. Жалпы 21 автоунаа жана акчалай сыйлыктарды утуп келдик - Саяпкерликти аркалагандан бери көптөгөн чабыштарга катыштым. Алардын арасынан чоӊ байгелерим булар болду. Үч жолу кунан чабышта президенттин кубогун Аравия, Карат, Айданек менен уткам. Бишкектин 135 жылдыгында кунан чабыш, аламан жарышта биринчи орунду, Соӊ-Көл жайлоосунда Андаш баатырдын тоюнда, Ат-Башыдан Матай бийдин тоюнда, Нарындын 140 жылдыгында, Караколдо жети акенин тоюнда, Тоӊ районунун 80 жылдыгында аламан жарыштардан утуп, казак элинен дагы чоӊ-чоӊ байгелерге ээ болуп келдик. Биринчи жолу Тайтору кубогу өткөндө 31 чакырымга чуркаган

Похожие видео

Показать еще