Көк-бөрү: "Ынтымак" кайрадан жеңүүчү аталды\NewTV HD
Бир жумадан бери өтүп жаткан көк бөрү боюнча беттеш жыйынтыкталды. Нооруз майрамына белгиленген финалдык таймашта 2:1 эсеби менен “Ынтымак” тайпасынын көк бөрүчүлөрү жеңүүчү аталды. Калаадагы Аккула ат майданында көк бөрүдөн сырткары түшкө чейин жорго чабыш, аламан сыяктуу улуттук ат оюндарынын түрлөрү да өттү.