Катышуучу №19. 'Жалын бий'. Тургунаалы Мамай.
Бийдин аталышы: "Жалын бий". Бийдин автору жана аткаруучусу: Тургунаалы Мамай (Кытай). Бийдин музыкасынын автору: Жаасын уулу Кубандык (Кытай). Сөзү: Кыялбек Урманбетов (Кыргызстан). Ырдын аткаруучулары: Гүлзада Рыскулова, Гүлжигит Калыков (Кыргызстан). Бийдин жаралуу тарыхы: «Жалын бий» кыргыз эллине таандык байыркы бийлердин кыймыл аракеттеринин негизинде иштелип чыккан. Бул бий ат жалында шамал менен теӊ жарышкан жигиттерибиздин шамдагайлыгынан, эрктүүлүгүнөн, кыздарыбыздын тал чыбыктай ийкемдүүлүгүнөн, жана элибиздин маданиятынын нукура, байыркылыгынан кабар берет. «Кыргыз элибиз илгертеден эле отту ыйык тутуп келишкендиктен, элибиздин бул өзгөчөлүктөрүн бий өнөрүнө кошо чагылдырып, улуттук маданиятыбызга салым кошуп, элдик бийлерибиздин көч башы болсун деген максатта «Жалын бий» деп атаганбыз» дейт кытайлык боордоштор.