Жаңылыктар | 9.03.2022 | Бензин кымбаттайт. Доллар 100 сомдон ашты HD

09.03.2022
- Орусия Украинага кол салганына 14 күн болду. Улуттар уюму качкындардын саны 2 миллиондон ашканын билдирди. Орусиянын өзүндө санкциялардын залакасы сезилип, экономикалык кризис тереңдеп баратат. - Орусиядагы каатчылыктын эпкини Кыргызстанга да тийип, бир АКШ доллары 100 сомдон ашты. Улуттук банк жасаган интервенциялар доллардын кунун өстүрбөй бир калыпта кармап турууга жардамын бере элек. - Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген жок. Депутат чек ара протоколу боюнча шектелип жаткан. #БүгүнАзаттыкта #Мадумаров #парламент #Орусия

Похожие видео

Показать еще