Мариуполь тургуну: кошуналарды атып, батирлерди өрттөштү HD
Мариуполдун тургуну Александр "азовчулардын"* кылмыштары тууралуу айтып берди. "2-апрелдин түнүндө "Азов" жашоочулардын бардыгын үйлөрүнөн, жер төлөдөн кууй баштады. Саат таңкы беште жетишпей калгандарды үйлөрүнө киргизген жок, бир катарларын снайпер атып салды", — деп эскерген ошол кандуу ирмемдерди Александр. 3-апрелде улуттук батальон турак жайды танк жана миномёттордон аткылаган. Александр үйүнө кайтып келгенде подъезддин миналанганына күбө болгондугун айтып берген. * "Азов" — РФте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм