Финпол ИИМге кошулса экономикалык кылмыштар ачылбай калат - ардагерлер HD
Ардагерлер президентке кайрылышты Финансы полициясы ИИМге кошулса экономикалык кылмыштуулуктун бетин ачуу солгундайт. Укук коргоо органдарынын ичинен жалгыз гана өзүн-өзү актаган кызмат. Өлкө башчы коррупцияны ооздуктоого катуу күрөш жарыялаган соң бул кызматты күчтөндүргөн болсо натыйжалуу болот. Мындай пикирди финансы полициясында иштеп кеткен ардагерлер "АКИпресс-Жалал-Абад" маалымат борборунда пресс жыйында айтып чыгышты. Алар экономикалык кылмыштарды ачууда сөз болуп жаткан кызматтын адистештирилген кызматкерлеринин ордун чоң экенин белгилешип, өлкө башчыга кайрылышты. Алар бул кызматты кыскартпай кайрадан жандантууну суранышты.