Кыргызстан Максим Бакиевди жоопко тартабы?

06.04.2016
Бүгүнтөн тарта Кыргызстан Максим Бакиевди экономикалык кылмыштар боюнча жоопко тарта албайт. Анткени Улуу Британиянын мыйзамдарына ылайык, мындай кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 6 жылда аяктайт. 2010-жылдан бери кыргыз өкмөтү тарабынан Улуу Британияга 1 жолу гана доо-арыз жөнөтүлүп, ал дагы туура эмес толтурулгандыктан, артка кайтарылган. Ал эми учурунда Кыргызстанга ишкердүүлүк кылам деп келип, Максим Бакиевден жапа чеккен Улуу Британиянын жараны Шон Дейли мурдагы президенттин баласы менен акырына чейин күрөшө турганын билдирген. Ал өз мекенинде Максим Бакиевди сотко берген. Кыргыз өкмөтү жасай албаган жумушту англиялык бизнесмен ишке ашырышы мүмкүнбү?

Похожие видео

Показать еще