Казакстан: "Кытай ишканаларына жол жок" HD

04.09.2019
- 00:54 Казакстанда үч күн катары менен кытай ишканаларынын курулушуна каршы нааразылык акциялары өтүүдө. - 03:56 Украин парламенти - Жогорку Рада депутаттардын иммунитетин чектөө жөнүндө мыйзамды колдоду. - 06:30 Лондондун Евробиримдиктен чыгуу ниети өкмөт менен парламенттин тирешине жеткирди. - 09:58 Иран ядролук келишимди токтотуу боюнча олуттуу кадам жасашы мүмкүн экенин эскертти. - 10:45 БУУнун эксперттери Йеменде жаңжалдашкан тараптардын айрым аракеттерин "согуш кылмыштары" деп бааласа болорун белгилешти. - 11:36 Француз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүүгө 5 миллион евро бөлөт. Жыл башынан бери эле Францияда зөөкүр түгөйүнүнүн колунан 100дөн ашуун аял каза тапты. - 12:20 Богама аралдарында шамалдан жети адам өлдү. - 12:59 ФИФА футбол боюнча кийинки дүйнө чемпионатынын эмлемасын жарыялады.

Похожие видео