Обращение лидера политической партии "Мекен Ынтымагы" Асанбекова Темирбека

25.04.2018
Жеке кызыкчылыгын коздогон саясый топтордун кылмыштары , эгемендуулукту алгандан бери эле эч бир озгоруусуз кайталанып келе жатат . Ким президент болуп шайланса, ошол инсанды коколото мактап , бийлик бутактарына умтулушат . Кызматынан четтеп калса , уктап жатып ойгонгон баладай чыркырап чындык издешет . Жетекчибиз тактысынан айрылаар замат , курчаган адамдардын мамилеси бузулуп , жаны торолгон адамдай озгорушот. Бул ыймансыз саясый корунушторду ар дайым жогорку бийлик алмашкан сайын байкап келе жатабыз . Кыргызстан саясатындагы эки жуздуулук , кошоматчылык , Аскар Акаевичтин , Курманбек Салиевичтин , Роза Исакованын , Алмазбек Шаршеновичтин убагынан бери эле уланып келе жатат . Саясый аренада , мамлекеттуулукту коргоо идеясынан алыс , жеке кызыкчылыктарын коздогон эпчил адамдар биздин ички саясатта ар дайым активдуу кыймыл аракетте . Эптеп бийлик бутагына жетиш учун ,, бир партиядан экинчи партияга женил секиришип , же убактылуу бириге калышып , саясый идеянын жоктугун ачык айкын уялбай корсотушот . Парламенттеги коп жылдан бери шайланып келе жаткан копчулук эл окулдору , окмот иштерине да аралашып иштешти . Амалдуу, мыйзамдуулук чегиндебиз деген аргументтерди колдонушуп , улам улам реалдуу стратегиялык программасы жок окмотту шайлап коюшуп , озулору суттой ак болуп чыга келишет . Карапайым сабатсыз эл тушунбостур , бирок билимдуу жаш муундар баарын байкап турат. Эрте кеч бул саясый кылмыштарга тарыхта адилеттуу баа созсуз берилет . Эгерде ,чындап эле коррупция иштери ачыкка жарыяланса , мамлекетибизге болгон зыяндуулук иштерине аралашпаган жогорку бийликтин окулун табуу мумкун эмес . Бийликке жамынып алышып , пендечилик жеке иштерин ото кылдаттык менен аткарышат . Бул терс кылмыш иштери мамлекеттик башкаруу институттары учун ото коркунучтуу процесс . Эркин мамлекет болуунун баркын тушунбогон , кор оокатынан жогору ой жугурто албаган мансапкор озумчул майда адамдарга кыргыз элинин тагдыры тийип калганы окунучтуу . . Ошонун кесепетинен элибиз кимге ишенээрин билбей кайсалап калды . Адамдын ыймандуу сезимин иренжиткен , бири бирин каралоо талаш тартыштары , карапайым элдин бийлик бутактарына болгон ишенимин , сый урматын таптакыр жокко чыгарды . Кор оокатына кубанып эсиркеп , элге кылмышы билинип калса титиреп актанган пенделер да биздин бир туугандарыбыз , болоору болду . Наалыгандан , бири биринерди табалап жазалагандан убактылуу популизм болоор . Бирок мамлекет онугуу багытындагы реалдуу страгиялык пландарды илимий жол менен жалпы кыргыз эли милдеттуу турдо аткарууга эрк кайрат корсотпосок , эч жыйынтык чыкпайт . Ич ара таарынычтарыбызды токтотуп , саясый кечиримдуулукко жол ачып , адилеттуулуктун чегинде , мамлекеттуулукту жеке кызыкчылыктардан жогору кармайлы .. Урматтуу Сооронбай Шарипович ! Саясаттын оор сыноолорун оз башыныздан откоруп , кыргыз элинин тарыхта боло турган тагдырын чечуу даражасына татыктуу болдунуз .

Похожие видео