ЖАНЫ КОДЕКСТЕР БОЮНЧА ЖЫЙЫН 11.01.2019 HD

22.01.2019
2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустундагы өкүлчүлүгүнүн жыйынтар залында областтык мамлекеттик структуралардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйында областтын прокурору А. Турганбаев өлкөбүздөгү сот-укуктук реформасынын алкагында кабыл алынып, ушул жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасында жаңы 5 Кодекс жана 2 мыйзам күчүнө киргендигин, алардын өзгөчөлүгү инсандын баалуулуктарына басым жасап, гумандаштырылгандыгын белгиледи. Иш чарада областтык прокуратуранын болүмунүн прокурору М.Сыдыгалиев тарабынан 2019-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган Кылмыш-Жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Бузуулар жонундогу кодекси, Жазык аткаруу кодекси жана жоруктар жөнүндогү кодекстер жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу жыйындын катышуучуларына презентациялоо менен окуу семинары өткөрүлдү. Жыйында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кызыккан суроолорун узатышып, толук жоопторду алышты.

Похожие видео