Садыр Жапаровдун тарапташтары аны "Ак-Жол" бекетинен тосуп алуу үчүн күтүшүүдө

25.03.2017
Садыр Жапаровдун тарапташтары аны Кыргыз-Казак чек ара пунктунунан тосуп алуу үчүн барышты. Чек арада милиция кызматкерлери да тартипти сактоо үчүн иштеп жатышат. Оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровду УКМКга алып кеткендиги айтылууда. Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан экс-депутатты УКМК суракка чакырган эле. Жапаров суракка 25-март күнү саат 12:00до келем деп кабарлаган болчу.

Похожие видео