Экологиялык милициянын кызматкерлери көлдү браконьердик торлордон тазалоодо HD
Браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын сууларында эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелерин сактоо максатында Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында бир катар рейддик иш-чаралар белгиленген. 18-май күнү, аталган рейддик иш-чара Тоң районунун аймагында болуп өттү. Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштеринин жүрүшүндө, Бөкөнбаев айылына жакын жердеги «Рыбзавод» участкасынан эле, туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери бир чакырымдай узундуктагы 10 браконьерлик торлорду алууга үлгүрүштү. Мындан тышкары, ушул эле участкадан мыйзамсыз балык уулоо учурунда Төрт-Күл айылынын 40 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну кармалды. Андан 1 резина кайык, жалпы узундугу 350 метрди түзгөн 6 даана балык уулоочу тор жана 16 даана «Чабак» балыгы алынды. Аталган факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын дагы бир тобу Жети-Өгүз районунун аймагында рейд жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Тосор айылынын жанынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен жергиликтүү тургундар 40 жаштагы К.Э. жана 35 жаштагы О.Т. кармашты. Алардан резина кайыгы жана мыйзамсыз кармашкан, 87 даана «Чабак» балыгы далил зат катары алынды. Бул факты дагы Жети-Өгүз РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Материалдык зыянды аныктоо максатында чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Рейдтик иш-чаралар уланууда. _ Сотрудники экологической милиции проводят очистку озера от браконьерских сетей. В целях усиления борьбы с браконьерством и соблюдения правил любительского и спортивного рыболовства в водоемах Кыргызской Республики, туристическо-экологической милицией УВД области запланированы ряд рейдовых мероприятий на акватории озера Иссык-Куль. 18-мая, одна из рейдовых мероприятий прошла на территории Тонского района. В ходе проведенных работ по очистке озера от браконьерских сетей, только на участке «Рыбзавода» возле села Боконбаева, сотрудниками туристическо-экологической милиции было изъято 10 браконьерских рыболовных сетей длиною около километра. Кроме этого, на данном участке во время незаконной ловли рыбы был задержан 40-летний житель села Торт-Куль А.Ж., у которого было изъята одна резиновая лодка, шесть рыболовных сетей общей длиною 350 метров, и рыба «Чебак» в количестве 16-штук. Данный факт был зарегистрирован в ЕРП ОВД Тонского района и начато досудебное производство по статье 310 (Незаконная охота или добыча рыбы либо водных