Психикалык жактан ооруулу экендигинен пайдаланышкан.
Жалал-Абад ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы оперативдүү маалыматтардын негизинде иш алып барып, Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныктап, андагы ээси колундагы кыздарга кордук көрсөтүп зомбулукка салып иштетип жүргөндүгүн аныкташты. Атайын оперативтүү тергөө тобу түзүлүп, 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, бир топ далилдер менен сойкулук менен алектенген бир топ кыздарды жана иштетип жүргөн ээсин аныкташты. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 261-статьясы (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү ) менен кылмыш иши козголду. Алардын ичинен алгачкы тергөөгө берген көрсөтмөлөрүндө жашыруун жайды уюштурган айым кыздарды алдоо жолу жумуш таап берүү максатында алып келип, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап алып күн көрсөтпөй сойкулукка мажбурлап ошол жерде иштетип жүргөндүгүн билдиришти. Алардын арасынан 3 кыз кожойкелеринен жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип областтык милицияга арыз жазып тергөө иштери улантылып жатат. Жабыр тарткан кыздар менен учурда психологдор жумуш алып барып, Жалал-абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жеткизишти.