Нурлан Исмаилов - 13 - "Укук бузуучулуктун түрлөрү" HD
Укук бузуу – укуктун кандайдыр бир нормаларын бузган кыймыл-аракет. Ал коомдогу кооптуулугуна жараша майда укук бузуулар жана кылмыш болуп эки түргө бөлүнөт. Укук бузуулар үчүн тийиштүүлүгүнө жараша мыйзамда жарандык, административдик, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган. Укук бузуунун бул түрлөрү кандай шартта, кандай кыймыл-аракетке жана аракетсиздикке карата колдонулаары, жазанын түрлөрү, өлчөмү жана шарттары тууралуу видеосабактын жүрүшүнөн кеңири тааныша аласыздар.