#САЙТ КАБАР | Санкт-Петербургда кыргыз таксисттерине кол салгандар кармалды HD
#ОшТВ | http://oshtv.kg/ Официальный сайт ТРК "ОшТВ" Подписывайтесь на канал ставьте лайки +18 | Сайт кабар https://www.youtube.com/channel/UCJNunORLe0Q6BOvUKZYIsug #САЙТ КАБАР | Санкт-Петербургда кыргыз таксисттерине кол салгандар кармалды Ушул жылдын январь айында Санкт-Петербург шаарында эки кыргыз таксистине кол салуу болгон. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү окуяга тиешеси барлар кармалгандыгын билдирди.Ага ылайык, ушул жылдын 5-январында болжол менен саат 23:30да Санкт-Петербург шаарындагы "Ветеранов" проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанына белгисиз төрт адам такси кызматын чакырган. "Киа-Рио" үлгүсүндөгү таксиге отургандан кийин азият тектүү белгисиз адамдар Ош облусунун 28 жаштагы Х.Ш., аттуу тургунуна кол салышкан.Белгисиз адамдар айдоочуну бычак менен коркутушуп, акча каражатын, 3 уюлдук телефонун, андан сырткары автоунаасын айдап качкан.Бул окуя боюнча Санкт-Петербург шаарынын Ички иштер министрлигинин аймактык тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2, 3-бөлүмдөрүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.