Саунага рейд

01.06.2018
Жалал-Абадда коомдогу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу уланууда. 31-май күнү Жалал-Абад ШИИБнин тергөө-ыкчам тобу, оперативдүү маалыматтардын жана коомчулуктун кайрылууларынын негизинде атайын рейд уюштурду. Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 261-статьясынын (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, анын негизинде Жалал-Абад шаарындагы 3 эс алуу жайлары текшерилип, алардын ичинен учурда бирөө иштеп жаткандыгы аныкталды. Рейд учурунда сойкулук менен алектенген 4 айым аныкталды жана текшерүү учурунда бир топ далил буюмдар алынды.

Похожие видео

Показать еще