Түрменстанча сойкулук
Түрменстанча сойкулук Ценразия сайтынын маалыматына караганда: бүгүнкү күндө Түрменстан республикасын Ташагуз шаарындагы аялдар колниясында сойкулук кылган деген айып менен 37 аял жазаа мөөнөтүн өтөөдө. Алардын арасында жашы 52 ден жогору болгон бир аял, дагы жаш балалуу жана неберелүү аялдар да бар. Негизинде алар эч качан сойкулук кылбаган. Алардын бир гана күнөөсү экинчи жубай болуп турмуш курганы. Түрменстанда көп аялдуулука мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бирок бул жерде шариат негизинде бирден көп аял менен үй-бүлө курган эркектер көп табылат. Укукту сактоочу орган кызматкерлери үчүн экинчи жубай болуп турмуш курган аялдарды аңдоо пайда булагына айланып калган. Алар мындай үй-бүлөлөрдү табуу үчүн айгакчыларды жалдашат. Тузака иллинген аялдар оор абалда калып бул эки иштен бирөөсүн тандоосу керек болот: 1. 5000 АКШ доллары өлчөмүндө штраф. 2. Түрменстан республикасы кылмыш кодексинин 137 жана 138 беренелерине ылайык кылмыш ишин козготуу. Аларга негизинен эки күнөө койулат. Адамдарды алдамчылык жолу менен бузукулук кылууга үндөө жана сойкулук кылуу. Штраф төлөй албагандарды эки жылдык камак жазасы күтөт. Бүгүнкү күндө кылмш кодексинин ушул беренеси менен 3 - 4 миң аял штраф төлөдү. Бирок штраф төлөй албаган 37 аял болсо сойкулукта айыпталып, жаза мөөнөтүн өтөөдө. Түрменстан республикасы Орто Азия мамлекеттери ичинде эң жабык зона болуп, өтө катуу жана тоталитар режими менен айрмаланып турат. Мамлекет президенти Гурбангули Бердимухаммедов өз элине зулум кылууда коңшу мамлекеттердеги кесиптештеринен артта калбайт. Өзбекистанда аялдардын хижап кийүүсүнө тыюу салынган болсо, Кыргызстанда муслима аялдар террорчулук экстримистик арекет жасаган деп айыпталып абака ташталууда. Зина жолуна жүрбөй, Аллахтын шариаты уруксат берген жол менен үй-бүлө курган таза аялдарды сойкулукта күнөөлөп жаткан Түрменстан республикасын бузук саясаты бардыгынан ашып түштү. Түркмөн аялдарына улуттук кийим кийүү шарт болуп, шариат белгилеп берген кийим – хижап кийүүгө тыйуу салынган. Ар түрдүү жыныстык оорулары, никесиз туулган балдар үй-бүлөлүк чыр-чатактар жана мындан башка көптөгөн проблемаларды келтирип жаткан чыныгы кылмышкер сойкулар калып, Аллахтын мыйзамына ылайык таза жол менен турмуш куруп жаткан муслима аялдардын жазага тартылып жатканы өтө өкүнүчтүү абал. Оо мусулмандар! Аллахтан гана коркуп, өз кол астындагыларын адилет менен башкаруучу, жер жүзүндө Аллах түшүргөн мыйзамдар менен өкүм жүргүзүүчү адилеттүү аким келмейинче, зулум жана кысым улана берет, шариатка амал кылган момун-мусулмандар кылмышкер сыяктуу жазага тартыла берет.