Кас кас бас бас - Балдар учун ырлар - Кичинекей балдардын ыры - Кыргызские песни HD
Замира Сатыбалдиева: Кас кас бас бас - балдар учун ырлар: Жерде жүрбөй жөрмөлөп Тургун бөбөк, тур бөбөк. Төрөлгөнгө жыл маалы, Жакыи калган өндөнөт. Кас-Кас! Бас-бас! Коркпо, коркпо калтырап, Колун суна калчы бат. Күтүп турат келечек, Күн нурундай жаркырап. Кас-Кас! Бас-бас! Болсун жакын аралык, Бол отурба каранып. Жеништерге экөөбүз, Жетелешип баралык. Кас-Кас! Бас-Бас. Кас-Кас! Бас-Бас. Кас-Кас! Бас-Бас. Созу: Ж.Садыков Обону: З.Сатыбалдиева Аткаруучу: З.Сатыбалдиева