Урмат Усенов - Бай тилек (cover by Tynyskhan Elen ) / Раймaaly HD
Раймaaly-TV / NOMAD MUSIC (Раймаалы) Кайып булк фильминен Урмат Усенов ,Сема , Сапар, Сьездбек, Ильяз - Бай тилек Куч берчи кубат бер Тынысхан Элен кавер Бул жактагы баардык ырлардын mp3 audio сун биздин телеграм каналдан кочуруп алсаныздар болот https://t.me/rhymeaaly https://t.me/rhymeaaly _ videographer Калысхан Сагыналиев https://www.instagram.com/kalyskhan_sagynaliev Photo by Chuvax https://www.instagram.com/chuvax Элен https://www.instagram.com/elen.hack Тынысхан https://instagram.com/tynyskhan_official?igshid=yehha39zdnv2 Биз менен болуңуздар ! Ой-пикир калтырганды унутпаңыздар! РАХМАТ ! #РаймaalyTV #Элен #Тынысхан Урмат Усенов Сема Ильяз Абдыразаков Сапар Эркебаев Съездбек Искеналиев "Бай тилек" Баёо сезим артта калып, Балалыктан өттүкпү. Жан дүйнөмдүн аруу, таза, Табышмагын төктүкпү. Ар бир кадам алга карай, Суроо менен ташталат. Мындан ары бизде дагы, Ойлончу кез башталат. Кайырма: Күч берчи, кубат бер, Кубандырып турайын. Кубалашып кумар менен, Куттуу үйүн курайын. Ак берчи, акыл бер, Адал такка коноюн, Ата-энемдин ак эмгегин, Актагандай болоюн. Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн Кайра тартып бергениң. Себеп ошол сен да, мен да Эрезеге келгенмин. Теңир тиреп, тилек берсе, Тик аскага асылбай Акырында бакыт багын, Багбан жандай асырай Кайырма: Турмуш жолу туйласаң да, Тумарыңдан тарттырбай. Туткун болбой туу курса да Сураганың алдырбай. Актык менен, адал менен, Алга карай умтулсам, Алла Таала арнагандан, Кур кол дайым калтырбай Кайырма: