Ак илбирсти атсаң – өз элиңди атып жатасың

11.04.2016
Кызыл китепке кирген жандыктарды атууга тыюу салуу демилгесин, депутаттар кайрадан көтөрүп чыгышты. Азыркы тапта аталган документ коомдук талкууга чыгарылды. Ал ортодо, азайып бараткан жандыктарга кол салгандардын саны арбып барууда. 3 күн мурда эле Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун тургуну, Сырт өрөөнүндө сейрек кездешүүчү ак илбирсти атып салган. Укук коргоо органдары, мергенчини жаныбардын терисин сыйрып, башын жүктөп келе жаткан жеринен кармашкан. Учурда, Кызыл китепке кирген ак илбирсти өлтүргөн браконьер Каракол шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Похожие видео