Фермерлер малды жасалма уруктандыруу аркылуу жакшы пайда тапса болорун айтышууда HD

18.02.2019
Акыркы бир нече жылда Европа өлкөлөрүнүн айыл чарба тармагындагы колдонгон ыкмасы Кыргызстанга да жайылды. Буга мисал катары жер-жерлерде дыйкандар жасалма уруктандыруу аркылуу бодо малдардан жергиликтүү малдарга караганда эки-үч эсе пайда таап жатканын фермерлер айтышууда. Акыркы 5 жылдан бери Кара-Суу районунда малды жасалма уруктандыруу бир кыйла пайдасын бере баштады. Көп жылдан бери Кара-Суу районуна карашатуу Мады айыл өкмөтүндө ветеринардык тармакта иштеп келе жаткан Жунус Исмаилов 2012-жылы алгачкы ирет коңшусунун малын жасалма уруктандырган. Анын айтымында, бул ыкма биринче төрөттө эле натыйжалуу болгон. Коңшу короодогу Юлдашбай Эргешовдун аралаш тукумдагы малы жасалма уруктандыруу аркылуу музоо туугандан кийин, арадан 2 жыл өткөндөн соң жасалма уруктан туулган мал 137 миң сомго сатылган.

Похожие видео