АЛАЙДАГЫ ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРГА 170 КОЙ,10 ЖЫЛКЫ,10 УЙ МУЗООСУ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ БЕЛЕК БЕРДИ HD
#Алай#Памир#Этникалыккыргыз#Жаңылыктар Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ" Instagram - https://www.instagram.com/abdumalik_bazabaev/?hl=ru Facebook - https://www.facebook.com/profile.php?id=100015105090491 Тоолуу Алай өрөөнүндө отурукташкан Памирлик боордошторго өлкө башчысынын аманаты жетти. Ооган жергесинен көчүрүлүп келген 17 үй-бүлөгө президент Садыр Жапаров жардам иретинде бирден уй музоосу менен, 10дон кой жана бирден жылкы алып берди.Памирлик боордоштор жергиликтүү элге көнүп, карым- катнашы күчөгөн.Элеттиктердин жашоосунан кем калышпай өз тиричилигине тың. Памирден тарыхый мекенине кайткандан тартып боордоштордун көксөсү болуп келген жарандык дагы ыйгарылган болчу 8 айдан бери Алай районун эң алыскы тоолуу Талды-Суу айылында Памирден көчүрүлүп жашап келе жаткан бордоштордун бүгүн дагы бир көкөсөсү орундалды.Тиричилиги мал чарбачылыгы менен гана өткөн этникалык кыргыздардын жашоосунун жеңилдиги үчүн өлкө башчысынын атынан төрт түлүк мал берилди. Короого 170 кой,17 баш жылкы жана 17 уй музоосу менен келген.17 үй-бүлөнүн ар бирине уй музоосу менен, 10дон кой жана бирден жылкы бөлүндү.Президент убада кылган белекти райондун акими тапшырды. Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/results?search_query=%D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA+%D0%B1%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2