ТОЙДОГУ "ЗАГС" КЫРСЫККА УЧУРАДЫ // АЙЫЛ ӨКМӨТ КОҢШУ АЙЫЛГА ЖЕР САТКАНБЫ? HD

21.08.2020
#Автокырсык#Элнааразы#Жаңылыктар Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ" Instagram - https://www.instagram.com/abdumalik_bazabaev/?hl=ru Facebook - https://www.facebook.com/profile.php?id=100015105090491 Бүгүн Кара-Суу районунун калаа аймагыдагы жолдо жол кырсыгы катталды.Негизги унаа жолдо оор жүк ташуучу унаа менен Мерседес гелендваген үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.Кырсык 17:00 чамасында орун алды. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунун маалыматында мерседес гелендваген унаанын ичиндеги айдоочу жана жүргүнчүлөр тойдо сайраңдап жүргөн.Негизги жолдо сызыктардын чыгып, каршылашына карата катту ылдамдыкта айдаган.Андан качкан унаа электр мамычасын 2 метр аралыкка чейин сүзүп унаанын алды толук талкаланып калган.Мерседес гелендваген унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр өз буюмдарын алып качып кеткен.Унаа дагы жараксыз абалга кептептелген.Окуяга биздин топ күбө болуп, байкалгандай оор жаракат алган жаран катталбагыны ачыкталды.Жол кыймылын көзмөлдөгөн испекторлор окуяны териштирилери белгиленди.Учурда той өткөрүүгө тыю салынып, айып пул дагы чегирилген.Мыйзамды көз илбегендер териштирилип жаза алышыны, сакбак болоору коомчулук маалым. Төлөйкөн айылынын 50дөн ашуун жашоочусу айыл өкмөттүн орун басары Улук Кадыровду жумуштан кетишин талап кылууда.Коңшулаш Папан айылына мыйзамсыз айдоо аянттарын сатып жибергендигин айтып, өкмөт үйүнүн алдына чогулду.Эл бир катар көйгөйдү оргото салып, айылдын тургуну Ширин Туратованын жер тилкесин кайтарып берүүнү талып кылды.Жер аяты көп жылдан бери такталбай келе жатканына орун басар Улук Кадыровдун тийешеси бар экендигин белгиленди.Ал эми айыл өкмөт иш укук коргоо өкүлдөрү жана адистер тактап жатканын айтты.Эки айылдын ынтымагы үчүн көп жылдык көйгөйдү тез ара жөн салынышын Төлөйкөн эли суранат. Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/results?search_query=%D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA+%D0%B1%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2

Похожие видео