"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 22.10.2018 (21:00) HD
1. Аймактарды өнүктүрүү жылындагы көңүл жылыткан жылыштар. Кеминге тартылган инвестициянын жардамы аркылуу өлкө экономикасына чоң пайда алып келе турган мына мындай ири ишкана ачылып, иштей баштады. 2. Оңой менен суу жукпаган, курулушка мыкты деген Павловния дарагы Токтогулда өстүрүлүүдө. Мекени Япония менен Кытай болгон павловния дарагынын дагы бир пайдасы жалбырагын тоют катары пайдаланса да болот. 3. Кут даарыган КТРК. Коомдук биринчи каналдын 60 жылдыгына карата студенттер менен окуучулардын катышуусунда флешмоб өткөрүлдү. 4. Ашса ашат, бирок кем калбайт. Индия ырларын нак өзүндөй кубулжуткан кыргыз ырчылары.