КУБАНЫЧТУУ КАБАР! 17-ак өргө Ош облусунда тапшырылды. Жыпар Мамытованын кубанычында чек жок HD
Мамытова Жыпар Жоробаевна 1982-жылы 8-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрат айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан эле жашоонун сыноосуна кабылып баса албай келет. Жети жаш курака чыкканда биринчи кадам таштап баскан. Бирок анда дагы таяк таянып баскан. 2009-жылы Бишкек шаарында Жыпар Мамытова операция болуп, азыркы күнгө чейин таяк менен таянып басат. 2014-жылы турмушка чыгып батирден батирге көчүп күн кечирген. 2016-жылы Жыпар Мамытова интернет айдыңынан “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фондунун кылып келген иштери менен таанышып, фонддун жетекчиси Азамат Байматовго кайрылууну туура көргөн. Жыпар Мамытованын кайрылуусун “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фонду кабыл алып, турак жай маселесинин үстүндө иш жүргүзүп, кайрымдуу кыргыз элинин колдоосунда 3 бөлмөлүү ак өргө салып бергенге жетишти. 2018-жылдын март айларында башталып ошол эле жылдын кеч күзүндө толук бүткөн. Азыркы учурда Жыпар Мамытова жетпей жүргөн кыялына жетип, ак өргө салтанаты болуп өттү. “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фонду 2016-жылдын 28-майында түзүлүп ошол күндөн азыркы убакытка чейин коомубуздун аярлуу катмарына кызмат кылып келет. 2 жылдан ашык убакытта 20 ак өргө салып, анын 16сын тапшырууга жетишкен. Ошону менен бирге боор оорусу менен ооруган мекендештерди Индия өлкөсүнө алып барып, ийгиликтүү операцияларды жүргүзүп келет. “Кайрымдуу бол” коомдук кайрымдуулук фонду бир гана муктаж адамдарга жардам берүү багытында эле эмес ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан салтыбызды, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды сактоо менен кыргыз элин ынтымака чакырууда дагы салым кошууга бел байлаган.