АБДЫВАХАП НУРБАЕВ ЖЫЙЫНГА ДАЯРДАНБАЙ КЕЛГЕН ЖЕТЕКЧИНИ КАТУУ УЯТ КЫЛДЫ HD

17.12.2019
Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/channel/UCChd6d_O2SxlQa-spP-5C7Q АБДЫВАХАП НУРБАЕВ ЖЫЙЫНГА ДАЯРДАНБАЙ КЕЛГЕН ЖЕТЕКЧИНИ КАТУУ УЯТ КЫЛДЫ Депутат Абдывахап Нурбаев Кыргызстанга келүүчү гранттан жок кызматкерлерге акча бөлүнүп жаткандыгын айтты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 17-декабрда өткөн жыйынында комитеттин мүчөлөрү «2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карашты. Талкуунун жүрүшүндө, комитеттин мүчөлөрү тарабынан аталган мыйзам долбоору боюнча бир топ кайчы пикирлер айтылып, кайра артка кайтаруу, четке кагуу сыяктуу сунуштар айтылды. КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев, аталган мыйзам долбоорун даярдап келген өкмөт мүчөлөрүнүн аткарган жумушу канааттандыраарлык эмес экендигин баса белгиледи. “Дүйнөлүк Банк грантты салык кызматынын техникалык базасын жакшыртып, андан ары башка чон долбоорго даярдоо үчүн берип жатат. Аталган жумуштарды жасоо үчүн канча кызматкер талап кылынат? Алардын канчасы биздин жарандар, канчасы чет өлкөлүк консультанттар болот? Ал кызматкерлер ким экендиги белгилүүбү? Бир дагы суроого жооп ала алган жокпуз. Мыйзам долбоорун кайра артка кайтарууну сунуш кылам”, - деп сунуш киргизди депутат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Похожие видео