Ак-Буура дарыясы кандай өзгөрөт Тамашадан өлүмгө бир кадам:"Семиз" деп айтканы үчүн Жанылыктар HD
Саламатсыздарбы сиздерди кундун маанилуу жанылыктары менен тааныштырсам Токмоктогу батирлерден эки адамдын жансыз денелери табылды Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 71 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.«Бул окуяга бир жума болуп калды. Көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги бир батирдин эшиги бир-эки күн ачылбай, эч ким кирип-чыкпай калган. Анын ичинде карыган жалгыз бой киши жашай турганын билгендер тынчсызданып, куткаруучуларды чакырышкан. Алар ичинен бекитилип калган эшикти ачып киришсе 1949-жылы төрөлгөн К.В.А.нын жансыз денеси жатыптыр. Андан кийин милиция кызматкерлери келип, сөөктү алып кетишкен», - деп билдиришти алар.Ошондой эле шаар тургундары Биринчи май көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин ичинен дагы аял кишинин жансыз денеси табылганын кошумчалашты. «Ушундай эле окуя. Куткаруучулар эшикти ачып, аял кишинин жансыз денесин табышты. Чылым чегип жатып уктап калган экен. Ошондо тамекинин чогу диванга түшүп, түтүнгө ууланып калыптыр», - деп билдиришти алар.Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын 15-январында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө аталган шаардын райондорунун бириндеги батирден жансыз адамдын денеси табылганы кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, табылган жансыз дененин өздүгүн аныктаганда ал 70 жаштагы К.В. болуп чыккан. Денеге кароо жүргүзгөндө жараат жок экендигин аныкталган.Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.Ал эми жансыз денеси табылган аял киши тууралуу маалымат катталган эмес.Булак: NazarNews.kg Ак-Буура дарыясы кандай өзгөрөт (Долбоор) Мэр Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган иштер боюнча тапшырма берди. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана куруу боюнча иштелип жаткан долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Калаа башчысы тиешелүү адистер менен кеңешип, долбоорго кошумча сунуштарды айтты. “Долбоорду кылдаттык менен иштегиле. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин тездетип, жээктерди тосуп алган жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Дарыянын жээги жалпы жашоочуларга таандык. Ак-Буура дарыясын көркүнө чыгарып, шаардыктардын, келген коноктордун эс алуусуна шарт түзүп берүү биздин милдет”,-деди мэр. Долбоордо Ак-Буура дарыясынын эки жээгине веложол, тротуар курулуп, көрктөндүрүү каралган. Дарыянын жээги жарыктандырылып, отургучтар коюлат. Алгач жээктер таштар менен бекемделип, тосмолор курулат. Мындан тышкары жөө адамдар үчүн көпүрөлөр да салынат. Февралдын айында долбоор бүтүп, тендер жарыяланмакчы. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү, оңдоо иштери 3 этап менен жүргүзүлөт. Жалпы дарыянын 5400 метр аймагы оңдолмокчу. Тамашадан өлүмгө бир кадам:"Семиз" деп айтканы үчүн кесиптешин өлтүрүп, өрттөп жиберген Индонизиянын тургуну кесиптеши аны “Семиз"-деп уяткарганы үчүн өлтүрүп тур