"Орозо тууралуу ХАДИСТЕР"
КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ЖЕКЕ СОЦ-ТАРМАКТАРЫ!!! "ЭСКЕРТКИЛЕ ЭСКЕРТҮҮ МУСУЛМАНГА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ"(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ) Ватсап:⤵ Мырзалар үчүн! +79856197076. Айымдар үчүн! +79037629386. +79256690209. YouTube ⤵ https://www.youtube.com/channel/UCnEKO__uzQxwrfye60jbAig Instagram⤵ https://www.instagram.com/kmdb_official Facebook⤵ https://www.facebook.com/groups/350595645760890/ Вконтакт⤵ https://m.vk.com/kmdb_moscow Однаклассник⤵ https://ok.ru/kmdb.moskva ОРОЗОНУН УБАКТЫСЫ. Орозо кармоонун убактысы-таң аткандан күн батканга чейинки аралыкты камтыйт. Алла Таала Куран Каримде мындай дейт: "Таң кылайып атып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин жегиле, ичкиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла". ```[Бакара сүрөсү 2/187]``` Хадистерде көрсөтүлгөндөй, аяттагы ак-кара жиптер кадимки турмушта колдонулган аркан же жипти көрсөтпөстөн, каймана мааниде күндүз менен түндүн көк жээктеги чектерин билдирет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына мындай деген эле: *"Билал түнүчүндө азан айтат. Силер Ибни Умму Мактумдун арзанына чейин жеп-иче бергиле".* ```[Бухарий, Муслим]``` Ал учурда Билал (радыяллаху анху) саарлык жештин маалы үчүн, Ибни Умму Мактум (радыяллаху анху) болсо, таң агарганда багымдат намазы үчүн азан айтып бир таңда азан эки жолу кайталанган. Жер бетиндеги күн менен түн анык айырмаланбаган Жер шарынын эки уюулу сыяктуу айрым жерлерде болсо, ошол чөлкөмгө эң жакын жердеги күнү менен түнү анык болгон аймакты негиз кылып орозо Убактысы болжолдонуп кармалат . Орозонун убактысы жөнүндөгү ар түрдүү маселелерге кийинки баптарда кеңири токтолмокчубуз.