"Бейформал маек" Темир Сариев агынан жарылды HD
"Ынтымакта" жаңы долбоор - "Бейформал маек". Берүүдө саясатчы, коомдук ишмер, чыгармачыл инсандар менен ачык маектешебиз. Программанын биринчи коногу Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев болду. Ал өкмөт башчылыктан кеткенинин негизги себеби, ЕАЭБ, премьер-министр болуп тургунда канча жолу иш сапарга чыкканы, үй-бүлөсү жана кайсыл футбол командага күйөрмандык кылаары тууралуу айтып берди.