Срочно! Элмирбек Иманаливдин ОЛУМУНУН СЫРЫН ЭМНЕГЕ ЖАШЫРЫШУУДА Шоу-Бизнес KG HD
Шоу-Бизнес KG Белгилүү обончу жана аткаруучу Айбек Карымов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Элмирбек Иманалиев боюнча өзүнүн пикирин жазган. «Элдин баары эле эки жүздүү болуп калганбы? Элмирбекти спец больница албай коюп эки саат машинада жүрүп калды деп мага деле айтышкан. Баары актанып башташты го!»-деп агынан жарылды. Кубат Болотканов журналистерге интервью берип, «Элмирбек Иманалиевди шаардык ооруканалар албай койгон»- деп айтканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Көп убакыт өтпөй эле Мирлан Самыйкожо өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Элмирбек Иманалиев тууралуу окуяны баштан аяк жазган. Ал эми Элмирбектин шакирти Асылбек Маратов Мирлан Самыйкожонун айткандары туура экенин кошумчалаган. Ошондой эле ал мурун айтылган сөзүмдү эмоцияга алдырып алгандын маалымат агенттигине маек берип жатып билдирген. _Казак акыны Айнур Турсынбаева социалдык баракчасына Элмирбек Иманалиевди эскерип, көңүл айтуусун жазды. “Элмирбектей акынынан айрылып, аза күтүп жаткан боордош кыргыз элине жүрөгүм эзиле көңүл айтам. Элмирбек менен 96-97-жылдардан бери айтыштарга бирге катыштык, дос болдук… Жеңишбек, Элмирбек экөө мага каршы чыккан күндөрү болду. «Чамам жетпей калабы деп Жеңишбекти жетелеп келипсиң» деп тамашалашканым эсимде… Кайран күндөр ай… Ооруп, 47 килограмга чейин арыктап, айтыштан да алыстап калган элем, сахнада үнүм чыкпай калган кезимди көрүп: «Жанып турган Айнур кайда кетти?» деди… Кийин Таразга бир айтышка келгенде үйгө атайын келип, мага комузун белекке берип кетти эле… Арадан бир жыл убакыт өткөндө Астанада айтыштык… Ошол кезде «Айнур, сага арнап ыр чыгардым” деп «Булбулумду» сахнанын артында комуз менен ырдап берди эле… Муңдуу ыр… Жүрөктү козгой турган ыр… Жаштык кезди эсиме салчу ыр…” деп жазды Турсынбаева. _ Белгилүү ырчы Аваз Акимов жазда кичинекей кызы менен сейилге чыккан сүрөтүн бөлүштү “Бир айдан бери карантинден бүгүн сейилдегени кызым экөөбүз чыктык, эшик жапжашыл болуп калыптыр”,-деп жазды социалдык тармактагы баракчасына ырчы. Ырчынын күйөрмандары аталган сүрөткө 20 миңден ашык жактыруу белгисин басышты. Белгилей кетсек, кыргыз эстрадасындагы жылдыздуу түйгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека 2019-жылы март айында баш кошушкан. Жыл жаңырганда кыздуу болушуп, атын Ариана коюшуп, март айында жентек той беришкен.
Похожие видео
Показать еще