Бактылуу уйбулоо жакшы белек болду HD
Абийир тапса баласы, атасына бак конот. Абийирди жашыңдан сакта. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат. Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок. Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп. Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат. Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.г Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт. Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени. Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот. Агач катуусун курт жыгат. Агыбайдын тонундай аңтара салба (ала салдырып). Агын сууда арам жок. Агын тапсаң аласың, караны тапсаң каласың. Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот. Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги. Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон. Адам — адам менен адам. Адам — адам үчүн табылгыс дары. Адам — адамга дос, жолдош, бир тууган. Адам — акылы менен адам. Адам — эли менен, өрдөк — көлү менен. Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба. Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында. Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт) чаласынан, сөз чаласы жаман.