Бишкекте "Манас оюндары" өтүүдө

16.10.2013
Бишкекте спорттун улуттук жана элдик түрлөрү боюнча "Манас оюндары" аттуу мелдеш өтүп жатат. Спорттук оюндар Ормон хандын 220 жылдыгына карата уюштурулууда. Иш-чара 14-октябрда "Ак кула" ат майданында башталган. Спортчулар улуттук ат оюндары жана күрөш, тогуз коргоол, ордо боюнча ат салышууда. Республиканын бардык аймагына келген командалардын беттеши 19-октябрга чейин уланмакчы.

Похожие видео