Ойноп китеп окуйбуз 2 - кыргыз тилиндеги китеп жана оюндар менен тиркеме HD
28 январда, Америка Кошмо Штаттары USAID аркылуу көрсөткөн колдоосу менен Ага Хан Фонду «Ойноп китеп окуйбуз 2» аттуу 15 жаңы интерактивдүү китептерди камтыган кыргыз тилиндеги мобилдик тиркемени сунуш кылды. Бул акысыз мобилдик тиркеменин жардамы менен балдар китеп окуп, кызыктуу көнүгүүлөрдү аткарып, окулган китепти түшүнүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Интерактивдүү оюндар балдарды көп окууга үгүттөйт, ал эми текшерүү суроолору болсо түшүнүү жана критикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтет. Алты китеп орус жана англис тилдеринде да сунушталган. Тиркемени бул жерден жүктөп алыңыз: http://bit.ly/1SmVvuV