12-апрель. Коронавирусту дагы 38 адам жуктуруп алганы аныкталды HD
12-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Алардын арасында 12 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди. Жаңы катталган 38 адамдын ичинен: Ош облусу - 3; Бишкек шаары - 5; Ош шаары – 12; Чүй облусу - 3; Нарын облусу – 13; Ысык-Көл облусу – 2. Жаңы катталгандардын 25и аял, 13ү эркек. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 377 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө. Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу - 5, Жалал-Абад - 5). Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 54 бейтап айыгып чыкты.