Туу күнүнө карата "Ала-Тоо" аянты кайрадан жабылды. Видео

01.03.2022
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты Мамлекеттик туу күнүнө даярдык көрүүнүн алкагында кайрадан жабылды. Учурда Чүй проспектинде жол кыймылына чектөө бар. Аянтта КРдин Куралдуу күчтөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери парадга даярданып жатышат. Видеодон Улуттук гвардиянын аскерлери чоң желекти көтөрүп басып жатканын көрүүгө болот. Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент 1992-жылы 3-мартта кабыл алган. Быйыл ага 30 жыл толот.

Похожие видео