Куралчан ЖИГИТ кармалды || ЗАДЕРЖАНИЯ HD

18.11.2020
#TezKabar Каналга жазылгыла! Класс баскыла! Комментарий жазгыла! Алынган курал боюнча маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан бүгүн 18-ноябрда Ош шаарынын аймагында, алынган маалыматтын негизинде оперативдик иш чара өткөрүлдү. Алдын ала алынган маалыматка ылайык Ош шаарынын аймагында Ысык-Көл облусунун 1997-жылы тургуну М.У.башкарып бара жаткан жүргөн БМВ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүүнүн жыйынтыгында автоунаанын багажынан 1 даана АК-103үлгүсүндөгү, 7.62 калибриндеги ок атуучу курал, анын 6 даана огу, 2 бычак жана салмагы 3, 93 граммды түзгөн «гашиш» наркотикалык затына түспөлдөш зат алынды. Ошол эле замат, кармалган жаран убактылуу жашаган Ош шаарынын Курманжан жатка кичи районундагы батирге тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда ал үйдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1991-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Ч.Н. болгон. Ал аталган батирде убактылуу ижара акысын төлөп, М.У. менен бирге жашап жаткандыгын билдирген. Тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн дагы салмагы 4.20 граммды түзгөн «гашиш» наркотикалык затына түспөлдөш зат алынды. Курал жарактарды, наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында табылган далил буюмдарга карата соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Бул фактынын алкагында тергөө, оперативдик иш чаралар уланууда. Сүрөттө:кармалган жарандар жана далил буюмдары. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 18.11.2020-жыл

Похожие видео

Показать еще