Токтогул району: Элеттеги жаңылануу
Быйыл Токтогул районун Толук айыл аймагына 90 жыл толду. Буга карата 4 айылдан турган Толукта жаңы мектеп, айыл өкмөт имараты жана эстелик курулуштары тургузулду. Мындай жаркыраган жаңы мектептин окуучулары заманбап билим уясында окуп калганына сыймыктанышат. Анткени буга чейинки мектеп имараты эски болуп, кийинчерек толук күйүп кеткен. Мындан улам окуучулар чатырда окуп калган күндөрү да болгон. Мектеп курулушу 2010-жылы башталып, 2015-жылга чейин созулган.Курулуш иштери жеңил материалдар менен түптөлгөн. Бирок мында спорт залы, ашканасы, жылытылган полдор кыскасы заманбап баардык шарты бар. Бул үчүн бюджеттен 72 миллион сом бөлүнгөн.Мындан сырткары жаңы имартка мектеп жетекчилиги 2,5 миллион сомдук инвестор тартып, стол, стул жана башка эмеректер менен камсыз болгон. Айылда мындан сырткары 90 жылдыкка деп айыл өкмөттүн имараты жаңы курулду. Буга чейин айыл өкмөттөгү 18 кызматкер мына бул эскирген 3 бөлмөлүү имаратта иштеп келишкен. Жаңы имаратта болсо ар бир кызматкердин бөлмөсү бар. Бул үчүн айыл өкмөттөн жана элдин салымы болуп жалпы 2 жарым миллион сом сарпталып, ашар жолу менен тургузулган. Мындан сырткары айыл акскалдарынын сунушу менен Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон баатырлардын элесине эстелик тургузулду. Буга да элден жана айыл өкмөттөн болуп 468миң сом сарпталды. Учурда Толук айыл аймагында аралары суюлуп отуруп согуштун бир эле ардагери калган.
Похожие видео
Показать еще