Коомчулукта заманбап молдонун кыз-келиндерди дарылоодогу “оливка майы” мнен жин чыгаруудагы “тактикасы” талкууланып бүтө элек. Аны күтпөстөн, бүгүн социалдык түйүндөрдө дагы бир элдик табыптын кыз-келиндерди карап жаткан видеотасмасы тарады. Анда табып дарылап жаткан келиндин колдорун кармалап, жамбаштарына да кол сунуп жатканын көрүүгө болот. Табып келинде геморрою бар экенин айтып, аны дарылоо керектигин түшүндүрүүдө. Видеотасма кыска болгондуктан, табыптын “пациентине” карата андан аркы аракеттери кандай болгону белгисиз.

14.08.2018

Похожие видео