КУРМАН АЙТТА кылынган сооп иштер! Кайдыгер карабаган мекендештерге ыраазычылык HD
Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири курман айт быйылкы жылдын август айынын 11де болуп өттү. Бул мусулмандар үчүн ыйык болгон күнү колунда бар адамдар колунда жок мусулман бир туугандарга курмандык чалып, жардам берүү болуп саналат. Быйылкы курман айт күнү “Кайрымдуу бол” коомдук фондуна кайдыгер карабаган мекендештер менен жандыктарды курмандыкка сойуп, муктаж мекендештерге бирге таратып бердик . “Кайрымдуу бол” коомдук фонду элден келген аманатты так жана ысырап корчулуксуз жеткизүүгө толук күчүн жумшайт. Бул курман айт күнү курмандыкка келген жандыктардын этин жана тамак аш азыктарын таратып жетишпегендиктен 13-август күнү дагы курмандыкка жандыктар сойулуп таратылды. Биздин кызмат сооп издеген мекендештерге жол көрсөтүп берүү жана коомубуздун аярлуу катмарындагы мекендештерди көмүскөгө калтырбай колдоо көрсөтүү болуп саналат. Курман айт күнүнө карата болгон сооп иштердин экинчи бөлүгүндө көрүшкөнчө саламатта болуңуздар.